Садирбек кызы Үмүт башталгыч билим берүү адистигинин НО(б)-1-25 тайпасында “Тилдин маңызы жана коомдук кызматы” аттуу темада ачык сабак өттү

2026-05-30 06:12:57 14

2026-жылдын 11-февралында педагогика, искусство жана журналистика институтунун БББТАТМ кафедрасынын окутуучусу Садирбек кызы Үмүт башталгыч билим берүү адистигинин НО(б)-1-25 тайпасында “Тилдин маңызы жана коомдук кызматы” аттуу темада ачык сабак өттү. Сабак жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттердин активдүү катышуусу менен коштолду. Сабактын жүрүшүндө заманбап окутуу технологиялары жана интерактивдүү методдор кеңири колдонулуп (tarsia,speen the wheel oi), студенттердин ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, өз алдынча иштөөсүнө жана топ менен кызматташуусуна өзгөчө көңүл бурулду. Теманы өздөштүрүүдө талкуу, топтук иш, презентация жана санариптик каражаттар натыйжалуу пайдаланылды. Ачык сабакка Сапатты камсыздоо бөлүмүнүн методисттери жана кафедранын окутуучулары катышып, сабактын уюштурулушуна, мазмунуна жана колдонулган усулдардын эффективдүүлүгүнө жогору баа беришти. Сабак коюлган максаттарына толук жетип, студенттер тилдин коомдогу орду жана кызматы тууралуу кеңири түшүнүк алышты. Мындай сабактар билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана болочок мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөөрүн баса белгилеп өтүштү.