2026-05-30 10:24:46 66
2026-жылдын 29-майында ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунда ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин стипендиясына студенттерди сунуштоо боюнча комиссиянын жыйыны өткөрүлдү. Жыйында талапкерлердин илимий, окуу жана коомдук ишмердүүлүктөгү жетишкендиктери презентация аркылуу бааланып, жыйынтыгында эң жогорку упай топтогон студенттер аныкталды. Тактап айтканда, Шермаматова Нуржан 29 упай менен 1-орунду, Джээнбекова Адинай 12 упай менен 2-орунду, Каримова Барчынай 7.39 упай менен 3-орунду ээледи. Жыйынтыгында 2-курстун студенти Шермаматова Нуржан ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин стипендиясына сунушталды.