Адамды адам кылган – билим

2026-06-02 11:24:48 18

ОшМУда студенттер арасында сынак өттү ОшМУнун «Педагогика» кафедрасынын окутуучусу Самиева Айсана Жакыпбековнанын уюштуруусу менен Ч. Айтматовдун чыгармаларына арналган «Адамды адам кылган – билим» аттуу тарбиялык иш-чара болуп өттү. Сынакка 2-курстун студенттеринен куралган 5 команда катышып, жазуучунун чыгармаларындагы асыл сапаттарды жана билимдин баалуулугун даңазалашты. Жыйынтык:1-2-3-орунду алган командаларга Дипломдор жана өздөрүнүн интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуучу баалуу китептер тапшырылды. Ошондой эле, иш-чарага активдүү катышкан мыкты студенттерге (мисалы, Базарбекова Аделяга) Педагогика кафедрасы жана институт жетекчилиги тарабынан Ыраазычылык баракчалары берилди.