2026-06-03 08:07:49 20
2026-жылдын 25-майында Лш шаарындагы «Үй-бүлөгө жана балдарга жаржам берүү» борборунун жетекчиси Кулуева Гулбара Сапбыралиевнанын жетекчилиги астында “Өзгөчө балдарга өзгөчө мамиле” деген аталышта тегерек стол болуп өттү. Бул тегерек столго психология кафедрасынын башчысы, доцент З.Р.Джоошбекова катышты. Психология каедрасы менен борбордун кызматташтыгы, жогорку окуу жайындагы теориялык билимди практика менен айкалыштыруу максатында, «Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү» борборун ОшМУнун психология кафедрасынын студенттери жана магистранттары үчүн негизги практикалык база катары бекемдөө болуп саналат. Өзгөчө муктаждыгы бар балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн, алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык-психологиялык адаптациясын изилдөө багытында кафедра менен борбордун адистери биргеликте илимий-практикалык долбоорлорду иштеп чыгуусу боюнча сунуштар кабыл алынды.