ПИжЖИнин Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын жамааты Балдарды коргоо күнүнө карата кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү

2026-06-03 11:05:50 64

1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата Педагогика, искусство жана журналистика институтунун Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын окутуучулар жамааты жана студенттери Ош шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборуна барып кайтышты. Бул саамалык жыл сайын кафедранын ага окутуучусу К. Джанибаев тарабынан уюштурулуп келет. Иш-чаранын алкагында окутуучулар тарабынан балдарга атайын белектер берилип, ошондой эле студенттердин кол өнөрчүлүгүнөн жаралган чыгармачылык иштери тартууланды