«ОШ АКВАРЕЛИ» КӨРГӨЗМӨСҮ

2026-10-16 06:39:44 7

2026-жылдын 8-октябрында Т. Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде «Ош акварели» көргөзмөсүнүн ачылышы өтөтүлдү. Көргөзмөгө 33 автордун 90го жакын акварель эмгеги коюлган. Анын арасында ОшМУ нун Искусство институтунан, Сүрөт, чийүү жана эмгек кафедрасынын окутуучулары Эшбаев М., Тешебаув У, Оморкулов А., Марипов А, Мамазаиров М. катышкан. Экспозицияда совет доорунан бүгүнкү күнгө чейин жаралган чыгармалар, анын ичинде музейдин фондунда сакталган эмгектер да көрсөтүлгөн. Көргөзмөдө кесипкөй сүрөтчүлөр, улуу муундун өкүлдөрү жана көркөм сүрөт багытындагы жогорку окуу жайлардын студенттери катышкан. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүлөрү Батыр Жалиев, Мырза Өмүркулов, Леонтий Горбунов, маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер Самидин Жоробаев, Тургунбай Ташкузиев, Ырысбай Толонов, Мамыралы Эшбаев жана башка чыгармачыл инсандар бар. Ошондой эле Ош, Араван, Манас, Баткен, Гүлчө, Кербен жана Ташкенттен келген сүрөтчүлөрдүн эмгектери сунушталган. «Ош акварели» — Ош шаарында акварель искусствосуна арналган алгачкы атайын көргөзмө ачылган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун Ош филиалы жана Т. Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинин колдоосу менен уюштурулган.