2026-11-05 09:15:57 24
Түштүк аймактар аралык жогорку окуу жайларда «Анимадок лабораториясы» алкагында өткөрүлгөн конкурска Педагогика жана искусство институтунун НО(б)-1-25 агымынын студенти Сабырова Зинура активдүү катышып, ийгиликтүү жыйынтыгы үчүн диплом жана ыраазычылык баракчасы менен сыйланды. Бул жетишкендик студенттин чыгармачылык изденүүсүнүн, аракетинин жана билимге болгон умтулуусунун натыйжасы. Студентибиздин ийгиликтери менен НО(б)-1-25 агымынын куратору М.М.Асаналиева жана институттун жалпы жамааты чын дилден куттуктайт! Алдыда дагы көптөгөн ийгиликтерди, чыгармачылык бийиктиктерди жана жаңы жеңиштерди каалашат!