Педагогика жана искусство институтунун Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы тарабынан "12 жылдык билим берүүнүн актуалдуу маселелери" аттуу эл аралык вебинар өткөрүлдү

2026-11-06 06:17:14 5

2026-жылдын 4-ноябрында ОшМУнун Педагогика жана искусство институтунун Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын демилгеси менен "12 жылдык билим берүүнүн актуалдуу маселелери" аттуу эл аралык вебинар өткөрүлдү. Zoom платформасы аркылуу уюштурулган вебинарга Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын башталгыч билим берүү адистиктерин даярдаган кафедралардын доценттери жана окутуучулары катышып, 12 жылдык билим берүүнүн актуалдуу маселелери боюнча баяндамаларын жасашты. Вебинарды институттун директору б.и.к., доцент М.А.Шайимкулова куттуктоо сөзү менен ачып, кафедранын окутуучулары доценттер Д.А.Тагаева, Р.Ж.Турганбаева, улук окутуучулар А.Бообекова, Э.Ажиматова, Н.Капарова өз докладдарын сунуштап, суроо-жооптор менен коштолуп, вебинар кызыктуу маанайда өттү. Иш-чара кафедра башчысы доцент Д.А.Тагаеванын жетекчилиги астында кафедра жамааты тарабынан уюштурулду.