Эл аралык академиялык мобилдүүлүк

2026-11-17 10:25:09 24

Профессордук-окутуучулук курамдын тажрыйба алмашуусу. Студенттер менен бирге академиялык мобилдүүлүк программасына Фергана мамлекеттик университетинин Вокалдык жана аспаптык аткаруучулук кафедрасынын окутуучулары, педагогика илимдеринин докторлору (PhD) Дилшод Тошалиев жана Нигора Мансуровалар келишип 16–17-ноябрь күндөрү ОшМУнун педагогика жана искусство институтунун студенттери жана окутуучулары үчүн атайын теориялык лекцияларды, практикалык мастер-класстарды өткөрүп, кесиптик жана илимий-методикалык тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Программанын илимий-педагогикалык мааниси. Бул кыска мөөнөттүү академиялык мобилдүүлүк программасы студенттердин кесиптик компетенцияларын жогорулатууга, чыгармачыл потенциалын өнүктүрүүгө жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле эки мамлекеттин алдыңкы университеттеринин ортосундагы билим берүү жана маданий интеграцияны мындан ары да бекемдөөгө чоң салым кошот.