Психология кафедрасы
Психология кафедрасынын башчысы, психология илимдеринин доктору
Жолдошева Акчач Олмасовна
Кафедраныны өнүгүү тарыхы
Психология кафедрасы 1987–жылы Ош мамлекеттик педагогикалык
институтунун педагогика жана психология кафедрасынын курамынан өз
алдынча бөлүнүп чыгып ишмердүүлүгүн баштаган. Алгач кафедранын
курамында доценттер: Д. Лондон, А. Аманов, окутуучулар: Т.Качикеев,
З.Музипова, Ф. Султанова, Д.Жолдошбаевдер болушкан. Доцент Бекембай
Апышевдин демилгеси менен бүткүл союздук мааниге ээ СПИ-ИМ “Петровдук
стенд” жана “Темпинг-изилдөө” комплекси алынып келип, кафедранын
кызматкерлери тарабынан көптөгөн илимий-изилдөө иштери жүргүзүлгөн.
1987-1989жж. Психология кафедрасын б.и.к. доцент Д.М. Лондон жетектеген. Ушул мезгилде кафедранын окуу-методикалык ишмердүүлүгүн чыңдоо максатында ОшМУнун № 2 окуу корпусунда керектүү жабдуулар менен камтылган Психологиялык лаборотория ачылган. Окуу процессин уюштуруу менен биргеликте лабороторияда илимий иштер аткарылган. Кийинки жылдарда кафедраны п.и.к., доцент А.А. Аманов (1989-1992жж.), п.и.к., доцент А.А. Закиров (1996-2004жж.) жетектеп, структуранын өнүгүшүнө, окуу процессинин жүрүшүнө алгылыктуу салымдарын кошушкан. 1998-жылы университеттин кадрларды кайра даярдоо институту “Психолог” адистигин даярдоо үчүн лицензия берип, окуу планы түзүлгөн. Ушул жылы юридикалык факультеттин алдында бул адистик ачылган.
2004-2007жж. “Психология” кафедрасы ОшМУнун философия жана башкаруу технологиялары факультетинде ачылып, “Педагогикалык психология” кафедрасынын структурасы кеңейтилген. 2005-жылы СОРОС Фонду менен кызматташтыктын алкагында “Гендердик-психологиялык жардам” борбору ачылып, “гендердик психология” дисциплинасы бир канча факультеттерде факультативдик курс катары киргизилген. Ар тараптуу проектилер жазылып, ишке ашышы менен кафедрада илимий, окуу-методикалык, социалдык-тарбиялык иштер улам барган сайын күчөтүлүп турган.
2005-жылы кафедра университет уюштурган сынакта 1-орунду ээлеп, “Мыкты факультет” номинациясын жеңип алган. УБВК ООНдун проектиси тарабынан унивеситеттин сырткы бөлүмүнүн студенттери үчүн бир катар семинар жана тренингдер уюштурулган. Ошондой эле МЕРСИКО уюмунун жардамы менен №1 жатаканада тигүү цехи ачылган.
2007-жылы кафедранын окуу жүгүнүн кыскаруусунан улам ОшМУнун педагогика жана дене тарбия факультетинин алдында түзүлүп, кафедра “Психология” аталышы менен кайра катталган. Аны педагогика илимдеринин кандидаты, доцент А. Батыралиев жетектеген. 2008-ж. апрелде ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен Педагогика жана психология борборунун алдында педагогикалык психология кафедрасы түзүлүп, анын астында психологиялык лаборотория иштеген. Кафедранын кызматкерлери эл аралык уюмдар менен биргеликте бир канча проектилердин үстүндө иштеп, 2010-жылдагы кандуу окуяларда шаардын жашоочуларына психологиялык жардамдарды көрсөтүшкөн.
2011-2013жж. кафедраны доцент А. Жолдошбаев, 2013-жылдан бери психология илимдеринин доктору Жолдошева Акчач Олмасовна жетектеп келе жатат. А.О. Жолдошеванын жетекчилиги астында кафедрада Психология адистиги ачылып: күндүзгү, кечки, магистратура бөлүмдөрүндө 450нүн тегерегинде студенттер билим алышууда. Кафедрада “Психология”, “Логопедия” багытында адистер даярдалып, фундаменталдуу билим жана көндүмдөр жаңы багыттагы заманбап дисциплиналардын негизинде теориялык, практикалык билимдердин базасы берилүүдө.
Акыркы жылдары кафедра жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөгү билим берүү мекемелери, жогорку окуу жайлары менен тыгыз кызматташтыкта иштеп, ар тармактуу проектилерге катышуу менен кафедранын материалдык-техникалык базасы чыңдалып келүүдө. Академиялык мобилдүүлүктө профессордук-окутуучулук курамга жана студенттерге колдоо көрсөтүлүүдө. Азыркы учурда кафедраны 2 илимдин доктору, 2 доцент, 1 улук окутуучу жана 5 окутуучу түзүп, жалпысынан 10 профессордук-окутуучулук курам жана 1 техникалык кызматкер иштеп жатат.
Все актуальные новости читайте на страницах наших сетей в Instagram и Facebook
https://www.instagram.com/kafedra_psihologiya_osh?igsh=MWUyNDF4YjhuOG41ZA ==