Г. М. Мадаминов

2024-жылы 28-октябрь күнү ОшМУнун педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Г. А. Жутанованын жетекчилиги астында "ЖОЖ менен мектеп келечекти бирге курат" аттуу долбоордун алкагында Ош шаарындагы №22 С.Шарипов атындагы орто мектебинде тарбиялык-методикалык семинар өткөрүлдү. Семинарга Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагогика кафедрасынын доценти Г. М. Мадаминов чакырылды. Семинарга мектептин директору Т.А. Аматкулова жетектеген жалпы окутуучулар жамааты, ата-энелер, практикант-студенттер, ошондой эле педагогика кафедрасынын профессордук-окутуучулук жамааты катышты. Катышуучулар учурдагы билим берүү системасындағы учурдагы көйгөйлүү маселелер, мугалимдердин, ата-энелердин жана коомдун ролу жөнүндө талкуулашты. Жыйынтыгында, эки тарап биргеликте чечиши керек болгон көйгөйлөрдү белгилеп, семинар жыйынтыкталды. Мектептин директору Т.А. Аматкулова КРдин эмгек сиңирген мугалими, педагогика кафедрасынын доценти Г. М. Мадаминовго жана ОшМУнун педагогика кафедрасынын жалпы жамаатына ыраазычылыгын билдирди.