Педагогикалык практиканын уюштурулуп өткөрүлүшүндөгү айрым көйгөйлөр

2024-жылдын 19-ноябрында ОшМУнун педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасы "Педагогикалык практиканын уюштурулуп өткөрүлүшүндөгү айрым көйгөйлөр" аттуу тегерек стол өткөрдү. Бул иш-чара ОшМУнун педагогикалык багыттагы студенттеринин практика сапатын жогорулатууга багытталган. Тегерек столго педагогика кафедрасынын профессордук-окутуучулук жамааты, ОшМУнун практика боюнча адиси доцент А.Б. Батыралиев жана ОшМУнун педагогикалык багытындагы институттардын практика жетекчилери катышышты. Иш-чараны педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Г.А. Жутанова алып барды. Иш-чаранын жүрүшүндө педагогикалык практиканын уюштурулушундагы кемчиликтер жана көйгөйлөр талкууланып, алардын чечүү жолдору сунушталды.