Педагогикалык практика: Жаш мугалимдердин тажрыйба аянтчасы

2025-жылдын 3-июнунда Педагогика кафедрасында практика боюнча жыйынтыктоочу конференция болуп өттү. Конференцияны педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Г.А.Жутанова ачып, ага профессордук-окутуучулук жамаат, методисттер, мектеп өкүлдөрү жана практикант студенттер катышты. Конференцияны кафедрада практика боюнча жооптуу улук окутуучу В.А.Байсубанова алып барды. Конференциянын максаты — студенттердин педагогикалык практика учурундагы тажрыйбаларын, жетишкендиктерин жана кыйынчылыктарын талкуулоо, мектеп жана ЖОЖ методисттеринин кызматташтыгы аркылуу кесиптик чеберчиликти жогорулатуу, заманбап мугалимдерди даярдоонун сапатын арттыруу болуп саналат. Жыйынтыктоочу конференцияда студенттер сабак өтүү, класстан тышкаркы иш-чараларды уюштуруу, электрондук журналдарды толтуруу жана ата-энелер менен иштөө боюнча алган тажрыйбаларын презентациялашты. Иш-чарада талкуулар өтүп, практиканттардын жетишкендиктери жана сунуштары каралды. Конференциянын соңунда катышуучулар практиканттарга, методисттерге жана жалпы конокторго көрсөтүлгөн колдоого ыраазычылык билдирип, педагогикалык практиканын ийгиликтүү өтүшү үчүн кызматташуу маанилүү экенин баса белгилешти. Иш-чара кесиптик өсүш жана чыгармачылык өнүгүү үчүн маанилүү кадам катары жыйынтыкталды.