Мейманов Ташмамат Мусаевич

Макаланын аталышы:
Математика предметин интеграциялап окутуу – туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнүн эффективдүү жолу
(Авторлор: К.К. Мурзабаев, Т.М. Мейманов)

Кыскача баяндоо:
Бул макалада математика сабагын башка предметтер, айрыкча табигый илимдер менен интеграциялап окутуунун мааниси жана натыйжалуулугу каралат. Авторлор интеграцияланган окутуу ыкмасы окуучуларга терең, ар тараптуу билим алууга шарт түзүп, алардын логикалык жана абстрактуу ой жүгүртүүсүн өнүктүрөрүн, сабакка болгон кызыгуусун арттырарын белгилешет. Ошондой эле мындай окутуу чыныгы турмуштук маселелерди чечүүгө даярдоого жардам берет. Изилдөө педагогикалык теорияларга, интеграциялык мамиленин методологиясына жана Кыргызстандын мектептериндеги практикага таянат.