Ачык сабак – педагогикалык чеберчиликтин үлгүсү
2026-жылдын 30-мартында саат 14:40та Филология жана маданият аралык
коммуникация институтунда 2-потоктун студенттери үчүн Педагогика
кафедрасынын окутуучусу Сүйүнбаева Мария тарабынан «Дидактика» темасында
ачык сабак өткөрүлдү.
Сабак жогорку деңгээлде уюштурулуп, заманбап окутуу технологиялары менен
айкалышкан мазмундуу жана кызыктуу форматта өттү. Ачык сабактын жүрүшүндө
студенттер дидактиканын негизги түшүнүктөрү, окутуунун максаттары,
принциптери, ыкмалары жана формалары тууралуу кеңири маалымат алышты.
Дидактика билим берүү процессинин теориялык негиздерин изилдеп, окутуунун
мазмунун жана методдорун аныктоочу педагогиканын маанилүү бөлүгү катары
каралат.