«Педагогикалык коммуникациянын заманбап ыкмалары» аттуу мастер-класс
өткөрүлдү
Педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын
окутуучусу Мамаджанов М.А. тарабынан ФжМАКИнун котормочу жана котормо таануу
адистигинин 2-курсунун студенттери үчүн «Педагогикалык коммуникациянын
заманбап ыкмалары» аттуу мастер-класс өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты – болочок педагогдордун кесиптик коммуникациялык
компетенттүүлүгүн өнүктүрүү, билим берүү процессинде колдонулуп жаткан
заманбап баарлашуу технологиялары жана натыйжалуу өз ара аракеттенүү
ыкмалары менен тааныштыруу болду.
Мастер-класстын жүрүшүндө педагогикалык коммуникациянын маңызы, окутуучу
менен студенттин ортосундагы натыйжалуу байланыштын өзгөчөлүктөрү,
санариптик билим берүү чөйрөсүндөгү коммуникациялык мүмкүнчүлүктөр, ошондой
эле сабак учурундагы интерактивдүү методдор тууралуу кеңири маалымат
берилди. Катышуучулар топтук талкууларга катышып, практикалык тапшырмаларды
аткаруу аркылуу өздөрүнүн коммуникациялык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө
мүмкүнчүлүк алышты.
Иш-чара студенттердин кызыгуусун жаратып, алардын кесиптик өнүгүүсүнө жана
педагогикалык чеберчилигин жогорулатууга өз салымын кошту. Мастер-класстын
соңунда катышуучулар өз пикирлерин билдирип, уюштуруучуга ыраазычылыктарын
билдиришти.
Мындай иш-чаралар студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана заман
талабына жооп берген адистерди даярдоого багытталган маанилүү кадамдардын
бири болуп саналат.