Башталгыч, мектепке чейинки билим билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы кафедрасы
В.А. Сухомлинскийдин айтуусу боюнча “Башталгыч класстын мугалими баланын руханий дүйнөсүн инженери, мунөзүнүн архитектору, инсандык жетилүүдөгу түрдүү илдеттердин дарыгери, акыл эстин тренери, сезим жана ой чабыттарынын дирежеру, адамдын биринчи жүрүм-турумунун адилеттүү соту, роза өңдүү кооз гүлдөрдү өстүүрүчү багбан”. Демек, балдарды инсан катары калыптандырууда, алардын акыл эсин өстүрүүдө мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү системасынын орду өзгөчө.
Коом тарабынан мектепке чейинки, башталгыч билим берүүгө коюлган талаптарды турмушка ашыруу максатында 1980-жылы ОшПИнин ректораты тарабынан “Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы” кафедрасы ОшПИнин масштабындагы педагогика кафедрасынын курамынан бөлүнүп, өзгөчө структуралык кафедра катары уюштурулган. Кафедра музыкалык-педагогикалык факультетинин базасында уюштурулуп, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларын жана башталгыч класстын мугалимдерин кесиптик жактан даярдоону ишке ашырып келет.
Алгач 1980-1985-жылдары кафедра башчылык кызматта кыргыз элдик педагогикасынын изилдөөчүсү, көрүнүктүү окумуштуусу, п.и.к., доцент Ормонов Талип Ормонович үзүрлүү эмгектенип, кафедранын андан ары өркүндөп өсүшүнө зор салымын кошкон. Андан соң кафедраны 1985-1995-жылдары п.и.к., доцент У.Д. Дуйшеева, 1995-2001-жылдары п.и.к., доцент Р.П. Анаркулов, 2002-2009-жылдары п.и.к., доцент А.И. Исаев , 2009-2010-жж. п.и.к., доцент А.Б. Батыралиев жетектеп келишкен. 2010-жылдын ноябрь айынан 2025-жылдын 21-январына чейин п.и.к., доцент М.Д. Бабаев кафедра башчысы кызматын аткарган. Азыркы күндө кафедраны п.и.к., доцент Алиева Канышай Уларовна жетектеп келүүдө.
Кафедрада жогорку квалификациядагы окутуучулар эмгектенишет. Алсак, бир илимдин доктору (Б.К. Укуева), алты илимдин кандидаты (Б.Б. Муратбаев, А. Закиров, М.Д. Бабаев, К.У. Алиева, Г.А. Өмурзакова, М.М.Асаналиева), бир улук окутуучу (А.Т. Джаркинбаева) жана үч окутуучу (С.З. Азимова, М.С. Асанова жана М.Н. Мырзабекова) эмгектенип келишүүдө.
Учурда Алиева К., Муратбаев Б., Бабаев М. докторлук диссертацияларынын, С.З. Азимова, М.С. Асанова жана М.Н. Мырзабековалар кандитаттык диссертацияларынын үстүндө эмгектенип келишүүдө.
Кафедранын окутуучулары жыл сайын окуу-методикалык семинарларды өткөрүшөт. Алар түрдүү методикалык бирикмелердин, конкурстардын, мектеп конференцияларынын эксперттери болуп эсептелишет. Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы кафедрасы бакалавриат жана магистратура багыты боюнча педагогика, искусство жана журналистика институтунун «Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы, логопедия» адистиктер боюнча бүтүрүүчү кафедрасы болуп эсептелет. Ал институттун структурасында окутуунун заманбап стратегияларын ишке ашыруучу жана кубаттуу кадрдык потенциалга ээ болгон бүтүрүүчү кафедра катары алдыңкы орунда турат. Педагогикалык жана психологиялык проблемаларды изилдөөнүн ата мекендик жана чет өлкөлүк мыкты тажрыйбаларын чыгармачылыкты стимулдаштыруу, өз алдынча ой жүгүртүү, педагогикалык жана психологиялык инновациялар менен айкалыштыруу – бул кафедранын студенттерди даярдоодогу кредосу.
Студенттер менен иштөөдө кафедра төмөндөгүдөй принциптерди карманат:
• Фундаменталдык билимдерди жоопкерчилик менен берүү;
• Кесиптик компетенттүүлүктү өнүктүрүү;
• Инновациялык активдүүлүк;
• Кесиптик жана өздүк калыптануунун рефлексиясы;
• Үзгүлтүксүз кесиптик өсүү;
• Педагогикалык жана психологиялык ишмердүүлүктүн маданиятын жана этикасын өнүктүрүү;
• Кафедрада жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөргө тартуу.
Окутуу процессинде алдыңкы маалыматтык технологиялар, педагогика жана психологиянын «алтын фондун» түзгөн бир топ чоң көлөмдөгү илимий адабияттар, практикалык сабактарды методикалык жактан мыкты камсыздоо, семинардык сабактарда ой жүгүртүүнү активдештирүүнүн оригиналдуу ээлери колдонулат.
Илимий ишмердүүлүк. Студенттердин жана магистранттардын илимий изилдөө иштерине жетекчилик кылуу активдүү ишке ашырылып турат. Акыркы беш жыл ичинде студенттер жана магистранттар менен биргеликте 100 жакын макала жарык көрдү. Студенттер адеп тарбиясы, экологиялык маданият проблемалары боюнча түрдүү деңгээлдеги конференцияларга катышышты. Илимий натыйжалар жыл сайын түрдүү деңгээлдеги конференцияларда баяндалып, жыйнактарда жана журналдарда, анын ичинде КР УАК сунуштаган басылмаларда жарык көргөн. Кафедрада жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдө студенттер жана магистранттар да биринчи курстан баштап катышышат. Алар окутуучулардын жетекчилиги менен көйгөйлүү тайпаларда катышып, квалификациялык жана магистрдик илимий иштерди тандап алган темалары боюнча аткарышып, конференцияларга катышып келишет. Мыкты изилдөөлөрдүн авторлору студенттик жана магистрлердин эмгектердин конкурсуна катышу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуп, илимий ишмердүүлүгүн улантуу үчүн аспирантурага тапшырышат. Кафедра салттуу илимий-практикалык иш чараларды уюштурат жана өткөрүп жүрөт. Кафедра И.Арабаев атындагы КМУ, ЖАГУнун, БатГУнун, АнМУ, ТашГУ жана РФнын ЖОЖдору педагогика кафедралары менен кызматташып келет.
Кафедранын окутуучулары тарабынан болочок мугалимдердин кесиптик
компетенттүүлүгүн жогорулатууга багытталган ар түрдүү ишчаралар –
педагогика боюнча олимпиадалар, педагогикалык чеберчилик конкурстары
өткөрүлүп турат. Студенттер менен личностук өсүү, баарлашуу, лидерлик
тренингдери өткөрүлүп келет.
Окуу ишмердүүлүгү. Өзүнүн ишмердүүлүгүндө кафедарынын окутуучулары ишмердүүлүк мамиленин негизинде жогорку окуу жайда окутуунун сапатын өркүндөтүү, кесиптик компетенттүүлүк ж.б. сыяктуу максаттарды ишке ашырууга умтулушат. Буга студенттердин өз алдынча иштөө системасын, бардык дисциплиналар боюнча окуу-методикалык комплекстерди түзүп, окутуунун модулдук-рейтингдик системасын иштеп чыгып, окуу процессинде окутуунун активдүү методдорун, маалыматтык-коммуникативдик технологияларды, проектик ишмердүүлүктү колдонгондо гана жетүүгө болот. Анын ар кандай түрлөрүнүн алкагында профориентациялыкиш чаралар активдүү ишке ашырылат.
Тарбиялык жумуш. Ар бир жылдын сентябрь айында 1-курстун студенттерине психологиялык тренингдин элементтери менен адаптациялык сабактарды өткөрүшөт. Бул биринчи курстун студенттерине жогорку окуу жайынын окутуу шарттарына ыңгайлашууга мүмкүнчүлүк берет. Кафедраны окутуучулары кураторлордук милдеттерин аткарып келишет. Окутуучулардын башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы адистигинде окуган 3-4-курстардын студенттери менен тарбиялык жумушунун эң башкы максаты аларды биринчи курстун студенттери менен адаптациялык сабактарды уюштуруу жана өткөрүүгө кошуу аркылуу кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу, кафедранын иштерине активдүү катышышат. Кураторлор Б. Муратбаев, М. Бабаев, К. Алиева жана Г. Өмурзаковалардын жетекчилиги астында студенттер шаардын балдар үйлөрү менен активдүү кызматташышат. Алар балдар үйүнө барып гана тим болбостон, социалдык проектерди ишке ашырышат. Жыл сайын кафедранын мүчөлөрү чоң курстардын студенттерин педагогика жана психология боюнча түрдүү деңгээлдеги олимпиадаларга катышууга даярдашат. Студенттердин мыкты натыйжаларга жеткендигин мындагы дипломдор жана сыйлыктар далилдеп турат. Өз ишине терең берилгендик, жоопкерчилик жана акниеттүүлүк, ар тараптуу жана мазмундуу окуу, илимий, тарбиялык, профориентациялык жумуш, контактарга болгон ачыктык, конструктивдүү кызматташууга болгон даярдык сапатта кафедранын окутуучуларын айырмалап турат.
Педагогика, искусство жана журналистика институтунун башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын 2024-2025-окуу жылы үчүн штаттык жадыбалы
№ |
Окутуучулардын толук аты-жөнү |
Туулган жылы, айы, күнү |
Ээлеген кызматы |
Жалпы стажы |
ОшМУ дагы стажы |
Телефон номери |
1 |
Азимова Сапаргул Закировна |
27.08.1990 |
Окутуучу |
13 |
6 |
0551512126 |
2 |
Алиева Канышай Уларовна |
26.05.1967 |
п.и.к.,доцент каф.башчы |
35 |
23 |
0555052667 |
3 |
Асаналиева Мээргүл Максуталиевна |
20.09.1992 |
п.и.к., улук окутуучу |
8 |
8 |
0779634141 |
4 |
Асанова Мээргүл Сагынбаевна |
28.09.1989 |
Окутуучу |
11 |
7 |
0556048414 |
5 |
Бабаев Марклен Доолотбаевич |
26.01.1976 |
п.и.к.,доцент |
29 |
26 |
0773504104 |
6 |
Джаркинбаева Айнура Турдубаевна |
19.06.1968 |
Улук окутуучу |
35 |
33 |
0998120087 |
7 |
Закиров Акимжан Закирович |
29.05.1954 |
п.и.к.,доцент насаатчы |
46 |
44 |
0706033905 |
8 |
Муратбаев Бактыбек Бакасович |
03.07.1966 |
п.и.к.,доцент |
42 |
34 |
0777144142 |
9 |
Мырзабекова Нуриза Мырабековна |
21.10.1994 |
Окутуучу |
8 |
5 |
0222540418 |
10 |
Өмурзакова Гулкайыр Абдималиковна |
02.02.1986 |
п.и.к., улук окутуучу |
16 |
16 |
0779445994 |
11 |
Укуева Бушарипа Кожояровна |
20.09.1949 |
п.и.д., профессор насаатчы |
42 |
42 |
0773336727 |
12 |
Эгемкулов Абдимажит Монкобаевич |
23.02.98 |
окутуучу |
5 |
3 |
0778692597 |
12 |
Жоошбаева Айзат Аттокуровна |
15.01.2002 |
Лаборант |
1 |
1 |
0702 851 997 |