2024-жылдын 14-сентябрь куну педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын чакыруусу менен п. и.д., профессор А.Т.Калдыбаева “Билим беруудогу тренддер” аталыштагы илимий- методологиялык семинар отуп берди. Семинарды педагогика кафедрасынын башчысы п. и.к, доцент Г.А. Жутанова алып барды. Семинарга ОшМУнун аспирантура жана докторантура болумунун башчысы, б.и.к., доцент Ж.Т.Молдалиев, педагогика, искусство жана журналистика институтунун жана педагогика кафедрасынын жалпы жамааты, ОшМУнун жаш илимпоздору, аспиранттары жана магистранттары катышышты. Семинардын журушундо кафедранын доценттери А. Батыралиев, Б. Ш. Тажикова, З. С.Божоновдор сөзгө чыгышып лекторго ыраазычылык билдиришти. Профессор семинардын катышуучуларынын бир топ койгойлуу суроолоруна жооп беруу менен озунун кенешин, сунуштарын берди. Семинар кызыктуу болуп, жогорку денгээлде отту. Педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Г. А. Жутанова семинарды жыйынтыктап жатып профессор А.Т.Калдыбаевага педагогика, искусство жана журналистика институтунун жана педагогика кафедрасынын атынан “Ыраазычылык кат” тапшырды.