2024-жылдын 8-9-октябрында педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Гульмира Атанбековна студенттердин теориялык билимдерин практикалык жактан эффективдүү колдонуусун камсыздоо максатында "Билим берүү системасын башкаруу жана социалдык тарбия" темасында ОСӨАИни ФжМАК институтунун филология адистиктеринин 3-курсунун студенттерине уюштурду. Иш-чарага аталган институттун студенттери жана педагогика кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы катышты. Ишмердүүлүк бир нече этаптардан турду. Студенттер заманбап технологияларды пайдаланып, жекече, жуп жана топ менен иштешти. Алар тапшырмаларды алдын ала белгиленген критерийлерге ылайык так, ыкчам аткарышып, өздөрүнүн активдүүлүгүн жана креативдүүлүгүн көрсөтүштү. Сабактын аягында темага байланыштуу кайтарым байланыш жүргүзүлүп, жыйынтык чыгарылды.