2024-жылдын 12-октябрында педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Г.А. Жутанованын демилгеси менен педагогика кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана аспиранттары үчүн санариптик деңгээлди жогорулатуу максатында “Жасалма Акыл менен долбоорлорду жазуу” аттуу тренинг уюштурулду. Тренингди өткөрүү үчүн Онлайн университетинин тренери Мээрим Шамудинова чакырылды. Катышуучулар тренингдин жүрүшүндө тренерге көптөгөн көйгөйлүү суроолорду берип, пайдалуу жоопторду алышты. Тренингдин аягында катышуучуларга сертификаттарды тапшырып, тренерге ыраазычылык билдирүү менен жыйынтыкталды.