2024-жылдын 24-25-октябрында педагогика кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Г.А. Жутанова журналистика кафедрасынын окутуучулары менен биргеликте Өзбекстан Республикасынын Наманган мамлекеттик университетинде "Ономастикалык бирдиктердин социолингвистикалык, этнолингвистикалык, лингвопоэтикалык жана лингвомаданий изилдөө маселелери" аталышындагы ІІ Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып, Наманган теле-радиосуна конференциянын уюштурулушу тууралуу интервью берди. Ошондой эле аталган университеттин педагогикалык багытындагы студенттерине “Креативдүүлүктү баалоо жана өлчөө” темасында конок лекция окуп, кайтарым байланышта жасалып жаткан ишмердүүлүк эки мамлекеттин университеттеринин мобилдүүлүгү, студенттердин келечегине арналгандыгы маалымдалды. Иш сапардын жүрүшүндө Наманган университетинин педагогика кафедрасы менен ОшМУнун педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын ортосунда эки тараптуу келишим түзүлдү.