Деңгээлдик билим берүү технологиялары

2024-жылдын 23-ноябрында ОшМУнун педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Г.А. Жутанованын демилгеси менен "Деңгээлдик билим берүү технологиялары" аттуу илимий-методологиялык семинар өткөрүлдү. Семинар офлайн жана онлайн форматта уюштурулуп, ага белгилүү балдар жазуучусу, п.и.д., профессор Рысбаев Сулайман Казыбаевич катышты. Семинарда ОшМУнун академиялык иштер жана билим берүү саясатын өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу башкармалыгынын начальниги, ф-м.и.к., доцент Ж.А. Артыкова, ф-м.и.к., доцент Т.М. Папиева, аспирантура бөлүмүнөн ф-м.и.к., доцент Г.Анарбаева, ОшМУнун аспиранттары, МФТИТ, тарых жана юридика институтунун магистранттары, педагогика кафедрасынын профессордук-окутуучулук жамааты, кафедра менен келишим түзгөн мектептердин мугалимдери жана студенттер катышышты. Семинардын жүрүшүндө теманын алкагында бир нече суроо-жооптор жана каалоо тилектер айтылып, акырында Сулайман Казыбаевичке педагогика кафедрасынын ыраазчылык катын жана сыйлуу белегин берүү менен жыйынтыкталды.