Социалдашуу жана социалдык педагогиканын көйгөйлөрү
Социалдашуу жана социалдык педагогиканын көйгөйлөрү
2024-жылдын 26- ноябрь күнү, педагогика кафедрасынын окутуучусу Самиева Айсана Жакыпбековна Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун 3-курсунун 5-агымынын студенттерине "Социалдашуу жана социалдык педагогиканын көйгөйлөрү" аттуу темада көргөзмөлүү сабак өткөрдү. Сабакка педагогика кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Г.А.Жутанова, кафедранын методикалык кеңешинин төрайымы, улук окутуучу Г.С.Жакупова жана В.Байсубанова эжекелер катышты.
Сабак жогорку деңгээлде уюштурулуп, интерактивдүү форматта өттү. Анда заманбап методдор жана ар кандай окутуу ыкмалары колдонулуп, студенттердин активдүү катышуусу камсыздалды.
Кафедранын жалпы жамааты Айсана Жакыпбековнанын педагогикалык ишмердүүлүгүнө чыгармачылык ийгиликтерди каалайт!