Кыргыздын Сухомлинскийи

2024-жылдын 27-нобрында Маматова Жибек Топчубаевна тарабынан улуу педагог Б.Апышевдин жаркын элесине арналган "Кыргыздын Сухомлинскийи..." аттуу эскерүү кечеси өткөрүлдү. Эскерүү кечесине ФМО(6)-1-23 жана МК(б)-1-23 тайпаларынын студенттери, ошондой эле педагогика кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер агайдын жогорку адамдык сапаттарын, анын ичинде боорукерлигин, жөнөкөйлүгүн, кичи пейилдигин жана эмгекчилдигин, ошондой эле педагогика илиминдеги жана кыргыз педагогикасынын өнүгүшүндөгү салымын баяндап, докладдар окушту жана видеороликтер көрсөтүштү. Эскерүү кечесинин аягында студенттер агайдын педагогикалык ишмердүүлүгү жана эмгектери алардын келечектеги кесипкөй адис болуусуна чоң таасир тийгизерин белгилеп, уюштуруучу эжекеге ыраазычылык билдиришти.