2024-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасындагы аялдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында педагогика кафедрасынын окутуучусу М. Сүйүнбаева Ош облустук Т.Сыдыков атындагы көркөм музейи менен биргеликте Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун 3-курсунун студенттери үчүн тренинг өткөрдү.
Тренингдин жүрүшүндө аялдардын укуктары, алардын өнүгүшү, учурдагы абалы жана Кыргыз Республикасындагы аялдарга карата зомбулуктун статистикасы тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле студенттер командалар менен жашоодон алынган кейстерди талкуулап, чечмелеп беришти.
Педагогика кафедрасынын жалпы жамааты Ош облустук Т.Сыдыков атындагы көркөм музейинин жамаатына, уюштурган эжекеге жана студент досторго терең ыраазычылык билдирет!