Жакындан жардам

2024-жылдын 30-ноябрында келечек муунга улууларга урмат, кичүүлөргө ызаат көрсөтүүнүн үлгүсүн көрсөтүү максатында педагогика кафедрасынын улук окутуучусу В.А. Байсубанова Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун 2-курс студенттери жана корей диаспорасынын өкүлдөрү менен биргеликте “Жакындан жардам” аталышындагы кайрымдуулук иш-чарасын уюштурду. Иш-чаранын алкагында карыларга кышка камылга жасоого жардам берип, алардын жүрөгүнө жылуулук тартуулаганга аракет кылынды. Жасалып жаткан ишмердүүлүк студенттер үчүн боорукерликти, адамгерчиликти жана улууларга болгон урмат-сыйды калыптандыруунун маанилүү сабагы болду. Мындан тышкары, улуттар арасындагы маданиятты жана ынтымакчылыкты күчөтүү, ар бир инсанга кубаныч тартуулоо, кайрымдуулук иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүү жана бири-бирибизге жакындан жардам берүү адамзаттын чыныгы баалуулуктарын ачып берет. Педагогика кафедрасынын жалпы жамааты корей диаспорасынын өкүлдөрүнө, уюштуруучу эжекеге жана ак жүрөк студенттерге терең ыраазычылык билдирет!