Студент жана илимий-техникалык прогресс

2024-жылдын 30-ноябрында ОшМУнун Аспирантура жана докторантура бөлүмү тарабынан "Студент жана илимий-техникалык прогресс" аттуу XI аймактык студенттик илимий конференция өткөрүлдү. Конференциянын XV секциясында, "Заманбап окутуунун технологияларын колдонуунун айрым маселелери" темасында, модераторлукту п.и.к., доцент Жутанова Г.А. жана катчы п.и.к., доцент Айдарова Ж.М. жүргүзүштү. Конференцияга Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУ, К.Ш.Токтомаматов атындагы ЭАУ жана Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун студенттери жана комиссия мүчөлөрү катышты. Студенттер илимий макалалары боюнча баяндама жасап, суроолор берилип, кызуу талкуу жүргүзүлдү. Акырында, студенттер жана комиссия мүчөлөрү менен биргеликте талкуу өткөрүлүп, I-II-III даражадагы дипломдор жана сертификаттар ыйгарылды. Конференцияда педагогика кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жетектеген төрт студент ийгиликтерге жетишти. Алар: XII Коомдук жана гуманитардык илимдер секциясынан: I даражадагы диплом: Эргеш к.Ж. (ОшМУ), илимий жетекчиси: улук окутуучу Бегматов С.И. Заманбап окутуунун технологияларын колдонуунун айрым маселелери секциясынан: I даражадагы диплом: Калбекова Т.Ж. (ОшМУ), илимий жетекчиси: окутуучу Самиева А.Ж. II даражадагы диплом: Хомиджанова Ш.К. (ОшМУ), илимий жетекчиси: п.и.к., доцент Жутанова Г.А. XVII Педагогикалык билим берүүнү модернизациялоо секциясынан: III даражадагы диплом: Джорабаева Т.И. (ОшМУ), илимий жетекчиси: улук окутуучу Жакупова Г.С. Жалпы кафедранын жамаатынын атынан кесиптештерибизди жана жеңишке жеткен студенттерибизди чын дилибизден куттуктап, келечекте дагы көп ийгиликтерди жаратуусун каалайбыз.