Кыздар-келечектеги тарбиячылар

2024-жылдын 10-декабрында педагогика кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Жутанова Гульмира Атанбековна болочок энелердин учурдагы абалы, коомдогу орду жана ролу боюнча көйгөйлүү маселелерди аныктап, алардын чечилиш жолдорун талкуулоо максатында Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун кыргыз тили жана адабияты багытынын 3-курс студенттерине "Кыздар-келечектеги тарбиячылар" темасында талкуу өткөрдү. Талкууга ф.и.д. доцент Ө.С.Акматов, психология кафедрасынын улук окутуучусу К.Кожомбердиева, педагогика кафедрасынын улук окутуучусу В.А.Байсубанова, окутуучулар Сүйүнбаева жана А.А.Жусупова катышты. Талкуу бир нече этапта өттү. Алгач, улуу муундардын калтырган адамзаттык жана улуттук баалуулуктары боюнча суроо-жооптор берилди. Андан соң студенттер учурдагы абал жана көйгөйлөр боюнча өз пикирлерин ортого салышты. Акыркы этапта көйгөйлөрдүн чечүү жолдору боюнча сунуштар айтылып, бул маселени мамлекеттик деңгээлде колго алуу зарылдыгы, ошондой эле бул маселеге ар бир жарандын салым кошуусу керектиги белгиленди. Студенттер талкууга кызыгуу менен активдүү катышышты. Кафедранын жамааты Жутанова Гульмира Атанбековнанын педагогикалык ишмердүүлүгүнө чыгармачылык ийгиликтерди каалайт!