"Боорукердик - жүрөктөн жүрөккө!"  аталышындагы кайрымдуулук иш-чара  менен 9-декабрь күнү, педагогика кафедрасынын окутуучусу Самиева Айсана Жакыпбековна жетекчилигинде филология жана маданият аралык коммуникация институтунун "Чет тили"  багытынын 2-3-курстарынын студенттери Ош шаарындагы "Боорукердик" үйүнө барып келишти. Бул иш-чараны уюштурган педагогика кафедрасынын жаш окутуучусу А. Самиева  жаштарыбызга коомдогу боорукердиктин жана кайрымдуулуктун үлгүсүн көрсөтүп, биримдикти бекемдөөгө өз салымын кошту.