2024-жылдын 12-декабрь күнү, педагогика кафедрасынын окутуучусу Жусупова Азизакан Абдыманаповна, Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун "Дене тарбия" адистигинин 3-курстарынын студенттери менен биргеликте "Уул баланы тарбиялоодогу айрым маселелер" деген темада тарбиялык саат өткөрдү. Бул иш-чаранын максаты — уул баланы тарбиялоонун маанилүүлүгүн, андагы кыйынчылыктарды жана алардын чечүү жолдорун талкуулоо болду. Кыргыз -Кытай институтунун жана Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун "Кыргыз тили жана адабият" адистигинин студенттери да чакырылып, бул темада өздөрүнүн көз караштарын билдиришти. Ошондой эле, Кыргыз-Кытай институтунун студенттери да конокто болушту. Бул иш-чарага педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Г. Жутанова, п.и.к. Ж. Айдарова, окутуучу М. Суйунбаевалар да бул тарбиялык саатка катышып, уюштуруучуларга ыраазылык билдиришти.

