Кайрымдуулук иш чарасы

2024-жылдын 23-декабрында, ОшМУнун педагогика кафедрасынын окутуучулары Б. С. Сапарова, В. А. Байсубанова, Ж. М. Айдарова, А. А. Жусупова, М. С. Сүйүнбаева жана ОшТУнун доценти Н.Т. Кожомбердиеванын жетекчилигинде эки жогорку окуу жайынын студенттери менен, Ош шаарындагы атайын билим берүүчү жатак мектебинине майрамдык маанай тартуулашты. Майрамдык иш-чарага ОшМУнун Кыргыз-Кытай институту, Чыгыш таануу институту, педагогика, искусство жана журналистика институтунун "Музыкалык билим берүү" адистиги, филология жана маданият аралык коммуникация институтунун "Котормо таануу жана англис тили" адистиктеринин, ошондой эле ОшТУнун "Социалдык иштер" адистигинин студенттери катышты. Мындай кайрымдуулук иш-чараларды уюштуруп, балдардын жүрөгүнө жылуулук тартуулаган, өзгөчө балдардын жүзүнө күлкү алып келген ОшМУнун педагогика кафедрасынын жалпы жамаатына ыраазычылык билдиришти.