КМШнын мыкты педагогу - 2024

Педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Гулмира Атанбековна Жутанова "КМШнын мыкты педагогу - 2024" эл аралык сынагында (Астана ш., Казакстан) өзгөчө ийгиликке жетишти! Гулмира Атанбековна өзүнүн көп жылдык эмгеги жана жогорку кесиптик чеберчилиги үчүн "КМШнын мыкты педагогу - 2024" атайын медалына жана сиңирген эмгеги жөнүндө күбөлүгүнө татыктуу болду. Бул сыйлык - биздин окуу жайыбыздын педагогдорунун жогорку деңгээлин тастыктаган дагы бир далил! Урматтуу Гулмира Атанбековна, Сизди чын жүрөктөн куттуктайбыз! Мындан ары да илим жана билим берүү тармагында жаңы бийиктиктерди багындырып, ийгиликтерди жарата бериңиз!