Конок лекция

2024-жылдын декабрь айында ОшМУнун педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Г.А. Жутанова Казакстандагы Назарбаев атындагы университетке, Абай атындагы улуттук педагогикалык университетине жана Казак улуттук кыз-келиндер педагогикалык университетине тажрыйба алмашуу максатында иш сапар менен барды. Сапар учурунда Назарбаев университетинин профессору Д. Шаматов университеттин тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, Абай атындагы улуттук педагогикалык университетинин педагогика жана психология кафедрасынын башчысы, профессор А.Н. Кошербаева жана Казак улуттук кыз-келиндер педагогикалык университетинин академиялык маселелери боюнча проректору Кымбат Магитаевна Балажанова, ошондой эле билим берүүнүн теориясы жана практикасы кафедрасынын башчысы, PhD, А.Б. Мейркулова менен эки тараптуу келишим түзүлүп, биргеликте конок лекциялары өткөрүлдү. Конок лекциянын жүрүшүндө аталган кафедранын улук окутуучусу Кылышпай Баян Сагындык кызы баш болгон кафедра мүчөлөрү жакындан жардам көрсөтүштү. Сапардын жыйынтыгы боюнча, конок лекцияларын өткөргөндүгү үчүн доцент Г. Ж. Атанбековнага университеттен ыраазычылык кат жолдошкон.