2024-жылдын декабрь айында ОшМУнун педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Г.А. Жутанова И. Арабаев атындагы мамлекеттик университетине тажрыйба алмашуу максатында иш сапар менен барып келди.
Сапардын негизги учурлары:
ОшМУнун педагогика кафедрасынын аспиранттарынын илимий деңгээлин көтөрүүдө жардам берүү үчүн диссертациялык кеңешке барып, п.и.д., профессор А.Т. Калдыбаева менен маанилүү маселелер боюнча маектешти.
И. Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын башчысы, п.и.к., профессор М. Эсенгулова жетектеген кафедранын жамааты менен тажрыйба алмашып, педагогикалык багыттагы студенттерге конок лекция өттү.
Сапардын жыйынтыгында конок лекцияларын өткөргөндүгү үчүн доцент Ж.Г. Атанбековнага кафедранын атынан ыраазычылык билдирилди.
