Заманбап мугалим жана 21-кылымдын көндүмдөрү

2025-жылдын 15-февралында ОшМУнун педагогика кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Г.А.Жутанова тарабынан Н. Назарбаев университети менен ОшМУнун ортосундагы кызматташууну бекемдөө, тажрыйба алмашуу максатында илимий-практикалык семинар онлайн жана офлайн форматта уюштурулду. Семинарга Казакстан Республикасынын Назарбаев университетинин профессору, философия илимдеринин PhD доктору Д.А.Шаматов чакырылып “Заманбап мугалим жана 21-кылымдын көндүмдөрү” аталыштагы лекциясын окуп берди. Семинарга ОшМУнун педагогикалык багытында билим алган студенттери, магистранттары, аспиранттары, жаш окутуучулары жана педагогика кафедрасынын жалпы профессордук- окутуучулук жамааты катышып, анын жүрүшү көйгөйлүү тапшырмалар, кызыктуу суроо-жооптор менен коштолду. Жыйынтыгында профессор Д.А.Шаматовго семинарга катышкан жалпы катышуучулардын жана педагогика кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын атынан ыраазычылык билдирилди.