Инклюзивдик билим берүү жана интерактивдүү окутуу боюнча конок лекциясы.
2025-жылдын 19-мартында Ош шаарындагы Рудаки мектебинде инклюзивдик билим берүү жана интерактивдүү окутуу усулдары боюнча маанилүү конок лекция болуп өттү.
Байсубанова Венера Андреевна жана Самиева Айсана Жакыпбековна өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, инклюзивдик билим берүү жөнүндө жана заманбап педагогикалык методдор тууралуу баалуу маалыматтарды беришти. Иш-чара мугалимдер үчүн пайдалуу болуп, окуучуларга билим берүүнү жакшыртуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачты.