Педагогика кафедрасынын иш сапары – Андижан мамлекеттик чет тилдер институтундагы эл аралык кызматташтык*
2025-жылдын 2-апрелинде Педагогика кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы Өзбекстандын Андижан шаарына иш сапары менен барып келишти. Иш сапардын алкагында Андижан мамлекеттик чет тилдер институтунда өткөн “Котормочуларды даярдоо жана чет тилдерин окутуунун заманбап ыкмаларын өнүктүрүү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга активдүү катышышты.
Конференциянын пленардык бөлүмүндө п.и.к., доцент Жутанова Гульмира Атанбековна доклад жасап, билим берүүдөгү инновациялык ыкмалар боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал эми тематикалык секцияларда п.и.к. Айдарова Ж.М., улук окутуучулар Жакупова Г.С., Байсубанова В.А., ошондой эле окутуучулар Жусупова А.А., Сүйүнбаева М., Самиева А.Ж. жана студент Апсаламова А. өздөрүнүн илимий баяндамаларын сунушташты.
Сапардын жүрүшүндө педагогика кафедраларынын ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишими түзүлүп, педагогика жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча кызуу талкуулар жүргүзүлдү. Мындан сырткары, профессордук-окутуучулук курам чет тилдер институтунун студенттери үчүн ар түрдүү темаларда мастер-класстарды өткөрүштү. Ошондой эле, п.и.к., доцент Жутанова Г.А. конок лекция окуп, жогорку деңгээлдеги тажрыйба алмашуу аркылуу мыкты жетишкендиктерге жетишишти.
Бул иш сапар эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө жана билим берүү процессинде заманбап методдорду өнүктүрүүгө чоң салым кошту.

