Эл аралык кызматташтык – сапаттуу билимдин башаты!

Эл аралык кызматташтык – сапаттуу билимдин башаты! 8-апрель күнү ОшМУнун Педагогика кафедрасында өзгөчө тажрыйба алмашуу иш-чарасы болуп өттү. Өзбекстандан академиялык мобилдүүлүк программасы аркылуу келген окутуучу жана студент коноктор үчүн атайын лекция жана мастер-класстар уюштурулду. Кафедранын окутуучулары Байсубанова Венера Андреевна, Самиева Айсана Жакыпбековна жана Жусупова Азизакан Абдыманаповна тарабынан өткөрүлгөн сабактарда заманбап педагогикалык ыкмалар, билим берүү процессиндеги инновациялар жана креативдүү усулдар боюнча мазмундуу маалыматтар берилди. Жолугушууда эки тараптуу илимий-педагогикалык байланыш, тажрыйба жана идеялар менен бөлүшүү кызуу жүрүп, катышуучулар үчүн пайдалуу жана шыктандыруучу атмосфера түзүлдү. Бул иш-чара эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө, студенттердин жана окутуучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган маанилүү кадамдардын бири болду.