Креативдүү хап

Долбоордун алкагында уюштурулган “Креативдүү хап” кружогунун алгачкы жолугушуусу болуп өттү! 7-апрель күнү ОшМУнун Педагогика кафедрасы тарабынан “Креативдүү хап” аталышындагы автордук долбоордун алкагында студенттер үчүн уюштурулган кружоктун алгачкы жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууну кафедра башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Жутанова Гүлмира Атанбековна ачып, кружоктун негизги максаты, милдеттери жана келечеги тууралуу кеңири маалымат берип, студенттер менен жандуу баарлашуу жүргүздү. Кружоктун жетекчиси болуп кафедранын окутуучусу Самиева Айсана дайындалса, анын жардамчысы катары 3-курс студенти Калбекова Таншоола белгиленди. Жаңы башталган “Креативдүү хап” кружогу студенттердин чыгармачыл жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, ар тараптуу кесипкөй болуусуна жол көрсөтүүгө жана өз алдынча изилдөө жүргүзүүсүнө багытталган.