XII аймактык университеттер аралык олимпиада

Ош мамлекеттик университетинин студенттери XII аймактык университеттер аралык олимпиададан сыйлуу орундарга ээ болушту 2025-жылдын 19-апрелинде Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде XII аймактык университеттер аралык олимпиада болуп өттү. Олимпиадага педагогика кафедрасы тарабынан педагогика (профилдүү эмес) багытындагы студенттер катышты жана жыйынтыгында п.и.к., доцент Г.А. Жутанова даярдаган ОшМУнун филология жана маданият аралык коммуникация институтунун 2-курсунун кыргыз тили адистигинин студенттериМедербек кызы Айгерим I даражадагы дипломго ээ болсо, III даражадагы дипломго окутуучу Жусупова А.А. даярдаган студент Жаңыбаева Зайтуна ээ болду. Педагогика кафедрасы атынан окутуучулар Г.А. Жутановага жана А.А. Жусуповага терең ыраазычылык билдиребиз. Ийгиликтериңиздер мындан ары да улана берсин.