КӨП БАСКЫЧТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ ШАРТЫНДА ЗАМАНБАП МУГАЛИМДЕРДИ ДАЯРДОО МАСЕЛЕЛЕРИ

2025-жылдын 22-апрель күнү Ош мамлекеттик университетинин илим жумалыгынын алкагында педагогика искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасы тарабынан “КӨП БАСКЫЧТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ ШАРТЫНДА ЗАМАНБАП МУГАЛИМДЕРДИ ДАЯРДОО МАСЕЛЕЛЕРИ” темасында илимий конференция болуп өттү. Конференцияны ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Э.А. Эшаров ачып берди. Андан соң илим жана инновация бөлүмүнүн башчысы, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Н.Н. Курбанбаева жана педагогика кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Г.А. Жутанова конференциянын катышуучуларын илим жумалыгы менен куттуктап, илимий иштерине ийгиликтерди каалашты. Педагогика, искусство жана журналистика институтунун илимий иштер боюнча директордун орун басары Э.Сагынбаев жана педагогика кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы, магистранттар жана студенттер конференцияга активдүү катышты. Конференцияда студенттер жана магистранттар даярдаган докладдар угулуп, талкууланып, катышуучулар өз пикирлерин билдирип, кайтарым байланыш түзүү менен кызыктуу өттү. Конференциянын аягында I даражадагы диплом менен магистрант Курманбекова Жанара (илимий жетекчиси: п.и.к., доцент Тажикова Б.Ш.) жана ФжМАКИ 3-курсунун студенти Калбекова Таңшоола (илимий жетекчиси: п.и.к., доцент Жутанова Г.А.) сыйланышты. II даражадагы дипломду магистрант Ахматова Диана (илимий жетекчиси: п.и.к., доцент Батыралиев А.Б.) жана ФжМАКИ 3-курсунун англис тили адистигинин студенти Хабибуллаева Тахмина (илимий жетекчиси: окутуучу Саипов М.) алышты. III даражадагы диплом менен РЛ(б)-1-23 тайпасынын студенти Джалолова Каныкей (илимий жетекчиси: улук окутуучу Жакупова Г.С.) жана ККФ ФА-2-22 тайпасынын студенти Төрөбаева Мээрим (илимий жетекчиси: п.и.к., доцент Айдарова Ж.М.) жана доклад окуган ар бир студент активдүү катышкандыгы үчүн грамоталар менен сыйланды. Педагогика кафедрасынын илимий иштер боюнча жооптуу п.и.к., доцент Ж.М. Айдарова конференциянын жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгилеп жыйынтыктады.