Тажрыйба алмашуу - ийгиликтин ачкычы!

Тажрыйба алмашуу - ийгиликтин ачкычы! 2025-жылдын 24-апрелинде ОшМУнун педагогика кафедрасынын башчысы, п.и. к, доцент Г.А. Жутанованын чакыруусу менен Андижан мамлекеттик чет тилдер институтунун социалдык илимдер, педагогика жана психология кафедрасынын башчысы, п.и.к, доцент Акромжан Юлдашевич Тешебаев конок лекция окуп берди. Лекцияга ОшМУнун педагогика кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы, филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнүн, ошондой эле эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин студенттери катышып, “Блум таксономиясынын негизинде сабакты долбоорлоо” боюнча пайдалуу маалымат алышты. Иш-чаранын соңунда катышуучулар суроолорун берип, лекторго ыраазычылыктарын айтышты. Андан соң лектор эки окуу жайдын педагогикалык ишмердүүлүгүн өнүктүрүү маселелери боюнча ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору, ф-м.и.к., доцент Р. Арапбаев менен жолугушту. Педагогика кафедрасынын жалпы жамааты доцент Тешебаев Акромжан Юлдашевичке терең ыраазычылык билдирет!