Жаш окумуштуулар үчүн илимий-методологиялык семинар: ОшМУ жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кызматташуусу
2025-жылдын 25-апрелинде ОшМУнун педагогика кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Г.А. Жутанованын демилгеси менен ОшМУнун аспиранттары жана жаш окумуштуулары үчүн илимий-методологиялык семинар уюштурулду. Семинарга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, педагогика илимдеринин доктору Акматали Алимбеков чакырылып, “Кандидаттык диссертациянын үстүндө иштөө: талаптар жана типтүү каталар” деген темада лекция окуду. Иш-чарага педагогика кафедрасынын жалпы профессордук-окутуучулук курамы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагогика кафедрасынын доценти Г.М.Мадаминов, ОшМУнун педагогика, искусство жана журналистика институтунун аспиранттары, жаш окумуштуулары, “Креативдик хап” кружогунун мүчөлөрү жана ОшМПУдан коноктор катышты. Семинардын аягында катышуучулар лекторго темага байланыштуу суроолорду берип, мазмундуу жана пайдалуу лекция үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Профессор Акматали Алимбековго педагогика кафедрасынын жалпы жамаатынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз.

