"Педагогика" дисциплинасы боюнча эл аралык денгээлде “Брейн-Ринг”

2025-жылдын 24-майында Өзбекстандын Ташкент шаарында ОшМУнун педагогика кафедрасы менен Низомий атындагы Өзбекстан улуттук педагогикалык университетинин жалпы педагогика кафедрасы биргеликте "Педагогика" дисциплинасы боюнча эл аралык денгээлде “Брейн-Ринг” интеллектуалдык таймашын уюштуруп өткөрүштү. Таймашты, Низомий атындагы Өзбекстан улуттук педагогика университетинин эл аралык кызматташтык боюнча проректору, профессор Икромхонова Феруза Икромовна ачып берди. Таймаш үч этап менен уюштурулуп, жыйынтыгында ФжМАКИнын 2-курсунун "Англис тили" адистиги менен "Кыргыз тили жана адабияты" адистигинин студенттери биринчи орунду, ал эми "Орус тили жана адабияты" адистигинин студенттери экинчи орунду багындырышты. Педагогика кафедрасынын жалпы профессордук-окутуучулук жамааты командаларды жетектеп барган педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Г.А. Жутанованы, доцент З.С. Бөжөновду, улук окутуучу Г.С. Жакупованы, окутуучулар А. А. Жусупованы, А. Ж. Самиеваны жана жеңиш менен келген командаларды чын дилден куттуктайт! Ошондой эле, билим таймашына катышып келүүгө шарт түзүп, жакындан жардам берген ОшМУнун ректору, профессор К.Г. Кожобековго, ОшМУнун эл аралык кызматташтык боюнча проректору, доцент К.Ш. Аттокуровго жана Низомий атындагы Өзбекстан улуттук педагогика университетинин ректору, профессор Э.Г.Каримовага, эл аралык кызматташтык боюнча проректор, профессор Ф.И. Икромхоновага жана жалпы педагогика кафедрасынын башчысы , профессор Б. Х. Худжаевга терен ыраазычылык билдиребиз!