“Педагогика жана психология ” аталышындагы 144 сааттык курс уюштурулду

ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борбору жана Педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасы менен биргеликте 2025-жылдын май-июнь айларына Өзбекистан Республикасынын Андижан мамлекеттик чет тилдер институтунун коомдук-гуманитардык илимдер, педагогика жана психология кафедрасынын Профессордук окутуучулук курамынын кесиптик чеберчилигин арттыруу максатында “Педагогика жана психология ” аталышындагы 144 сааттык курс уюштурулду. Курс Педагогика кафедрасы менен Андижан мамлекеттик чет тилдер институтунун коомдук-гуманитардык илимдер, педагогика жана психология кафедрасы менен биргеликте түзүлгөн келишимдин негизинде уюштурулду. Аталган курска бүгүн 15 окутуучу квалификациясын жогорулатууга, тажрыйба алмашууга келди. 2025-жылдын 27-майында курстун ачылуу аземи болуп Педагогика кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент Г.А. Жутанова жана Квалификацияны жогорулатуу борборунун кызматкерлери Андижандан келген окутуучуларды тосуп алышты. Борбордун директору п.и.к., доцент Т.А. Джороев курстун окутуучуларына ийгилик , мыкты жетишкендик каалады. Курстун тренери: Педагогика, искусство жана журналистика институтунун, Педагогика кафедра башчысы п.и.к, доцент Жутанова Гульмира Атанбековна. Педагогика кафедрасынын доцентти Батыралиев Адылбек Батыралиевич,п.и.к., доцент Закиров Акимжан, п.и.к., доцент Салтанат Кошонова .