“Креативдик хап” кружогунун ийгиликтери: “Педагогикалык Дебют” сынагындагы жеңиш!
ОшМУнун педагогика кафедрасынын “Креативдик хап” кружогунун мүчөсү ОшМПУда өткөн "Педагогикалык Дебют" аттуу Республикалык сынакта алдыңкы орунду ээледи. 2025-жылдын 29-майында ОшМПУнун 100 жылдык юбилейине арналган бул иш-чарага кафедра башчысы, п.и.к., доцент Г.А.Жутанованын жетекчилиги астында ФжМАКИнин англис тили адистигинин 3-курсунун студенти Т.Ж.Калбекова катышып, сынактын жеңүүчүсү болду. Ал диплом жана муздаткыч менен сыйланды. Педагогика кафедрасынын жалпы профессордук-окутуучулук жамааты “Креативдик хап” кружогунун мүчөсү Т.Ж.Калбекованы, жетекчиси Г.А.Жутанованы жана кружоктун башчысынын милдетин аткаруучу А.Ж.Самиеваны жетишкендиктери менен чын дилинен куттуктайт!