19-март күнү ЕНУ1-23 тайпасы менен биргеликте "Кыргыз этнопедагогикасы: кече жана бүгүн" деген темада тегерек стол өттүк. Сабак учурунда кыргыз этнопедагогикасынын тарыхый өнүгүүсү, анын азыркы билим берүү системасындагы орду жана мааниси жөнүндө талкуу жүргүздүк.
Студенттер активдүү катышып, өз ойлорун ортого салып, кызыктуу талкуулар болду. Бул сабак улуттук баалуулуктарды тереңирээк түшүнүүгө жана этнопедагогиканын учурдагы ролун талдоого чоң мүмкүнчүлүк түздү.
