2023-жылдын 22-ноябрында ОшМУнун педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Г.А.Жутанова, улук окутуучу Г.С.Жакупова жана окутуучу А.А.Жусуповалар А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети жана Кыргыз-Түрк "Манас" университети тарабынан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулган II эл аралык "Манас" педагогикалык изилдөөлөр конгрессине катышышты. Конгрессти уюштурган Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин педагогика бөлүмүнүн профессору А.Алимбековго, ОшМПУнун ректору, п.и.д., профессор Б.Зулуевге жана педагогика жана психология кафедрасынын башчысы И.Даминовага катышуучулар терең ыраазычылык билдиришти
