“ОшМУнун педагогика кафедрасы менен Андижан мамлекеттик чет тилдер институтунун кафедрасынын кызматташтыгы: Квалификацияны жогорулатуудагы жаңы баскыч”

2025-жылдын 12-июнунда Педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасы менен Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу борбору биргеликте Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик чет тилдер институтунун коомдук-гуманитардык илимдер, педагогика жана психология кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында уюштурган “Педагогика жана психология” аталышындагы 144 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсу ийгиликтүү аяктады. Педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Г.А. Жутанова Андижан мамлекеттик чет тилдер институтунун коомдук-гуманитардык илимдер, педагогика жана психология кафедрасынын башчысы, доцент А.Ю. Тешебаевдин чакыруусу менен аталган университетке барып, квалификациясын жогорулаткан 14 окутуучуга сертификаттарды тапшырды. Тапшыруу аземи офлайн жана онлайн форматында өтүп, аны Андижан мамлекеттик чет тилдер институтунун коомдук-гуманитардык илимдер, педагогика жана психология кафедрасынын башчысы, доцент А.Ю. Тешебаев ачты. Иш-чарага доцент Г.А. Жутанова, ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борборунун директору, доцент Т.А. Джороев жана аталган университеттин окуу иштери боюнча жооптуу жетекчилери катышып, курсанттардын педагогикалык ишмердүүлүгүндөгү ийгиликтерин жана мыкты жетишкендиктерин куттуктап, сертификаттарды тапшырды. Иш-чаранын аягында Андижан мамлекеттик чет тилдер институтунун коомдук-гуманитардык илимдер, педагогика жана психология кафедрасынын башчысы, доцент А.Ю. Тешебаев кафедранын профессордук-окутуучулук жамаатынын жана өзүнүн атынан ОшМУнун педагогика кафедрасына жана Квалификацияны жогорулатуу борборуна терең ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да үзгүлтүксүз кызматташтыкты улантууга ниеттенип, иш-чараны жыйынтыктады.