ОшМУда мугалимдер күнү белгиленди

2025-жылдын 6-октябрь күнү ОшМУда мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарада профессордук-окутуучулук курамы тарабынан уюштурулган бир катар сыйлыктар ээлерине тапшырылды. Мындан тышкары 2024-2025-окуу жылынын рейтингинин жыйынтыгы боюнча алдыңкы орунга жетишкен педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын башчысы, п.и.к.,доцент Г.А. Жутановага Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ыраазычылык каты тапшырылды.